Бул тууралуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, 10-декабрь- адам укугун коргоо күнүнө чейин 1 миллион кол топтолбосо, аталган кампания дагы улантылат. Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чара адам укугун жана эркиндигин чектөө күчөп бараткандыгына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлүүдө.
“Адам эркиндигин, ар-намысын жана колтийбестигин коргойбуз” деп аталган кампания кечээ башталды. Кол топтоо акциясынын демилгечилери “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюму, “ГАНДИ”, “Дүйнө өзгөртүүчү адамдар” тилектештиги, “Кылым шамы” бейөкмөт уюму жана башка бир катар уюмдардын билдиргени боюнча, акыркы убакта Кыргызстанда адам укугун тебелеп-тепсөө арбып бара жатат. (MSu)