Кечээ тышкы иштер министри Эднан Карабаев ШКУнун баш катчысы Болат Нургалиевди кабыл алды. Тараптар уюмду өнүктүрүүгө байланыштуу айрым суроолор боюнча пикир алмашты. Баш катчы Б. Нургалиев ушу тапта эл аралык аренада ШКУнун зоболосу арткандыгын жана бул уюмга карата кызыгуу жыл сайын көбөйүп жаткандыгын белгиледи. “Бишкекте өтө турган саммит жогорку деңгээлде уюштурулуп, уюмдун тарыхында барандуу окуя катары калат деп ишенем”,-деди Б. Нургалиев. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат. Ушул күндөрү Бишкекте ШКУга кирген өлкөлөрдүн Улуттук координаторлорунун жыйыны өтүп жатат. (ZMa)