Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

11:48 Бакиев: Конфедерация идеясы - оппозициянын өзүнө көңүл бурдуруу аракети


“Учурда Кыргызстандын башка мамлекеттер менен биригүү маселесин көтөрүүгө негиз жок. Кыргызстан-Орусия конфедерациясын түзүү идеясын оппозиция өзүнө көңүл бурдуруу үчүн жасады”, деп билдирди Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев РИА “Новости” агенттигине берген интервьюсунда. Мамлекет башчынын пикиринде, айрым саясый күчтөрдүн сунуштары же идеялары ишке ашуу үчүн коомдун колдоосуна ээ болушу керек.

Кыргызстандын Орусия менен биригүү демилгесин Бириккен Фронт көтөрүп чыккан. Кыймылдын лидери Ф. Кулов бул демилгени ишке ашыруу үчүн кол топтоо кампаниясын баштаарын өткөн айдын башында билдирген болчу. (MSu)

XS
SM
MD
LG