Жыл башынан бери дарыгерлерге кайрылган адамдардын арасынан 18 адамдын иммундук таңсыктык илдетин жуктурганы аныкталды. СПИД ВИЧ илдети менен облуста 125 адам каттоого алынган. Алардын 64 пайызы ооруну маңзатын сайынгандыктан, алм эми калганы жыныстык жол менен жуктуруп алышкан. Ооруга көбүнесе 17-18 жаштагы жаш адамдар чалдыгууда. СПИД ВИЧ илдети менен ооругандар иш жүзүндө расмий катталгандарга караганда 10 эсе көп болуусу ыктымал. Анткени, кеселмандардын көпчүлүгү дарыгерлер кайрыла беришпейт. Мындай маалымат СПИД оорусуна каршы күрөшүү боюнча облустук борбордун башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Абдылда Жакыповдон алынды. Анын айтымында, оорунун алдын алуу үчүн борбордун кызматкерлери жаштар арасында, ал эми »ТАИС+2» жана «Ден соолуктуу муун» бейөкмөт уюмдары баңгилер жана секс кызматкерлер менен иш жүргүзүүдө.(YA)