Өкмөттүн басма-сөз кызматынан маалымдашкандай, жолугушуу учурунда 16-августта өтүүчү чоң жыйынга карата ШКУ катчылыгы менен Кыргызстандын уюмдун келечегин кандай көрө тургандыгы жөнүндө пикир алмашуу болду. “Биз Кыргызстанда ШКУ саммитине даярдык катуу жүрүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Бул жаатта биздин биргелешкен аракеттерибиз оптимисттик пикрилерди жаратууда”, деп билдирди Болат Нургалиев.
ШКУнун баш катчысы Болат Нургалиевди кечээ тышкы иштер министри Эднан Карабаев кабыл алган. Анда тараптар уюмду өнүктүрүүгө байланыштуу айрым суроолор боюнча пикир алмашышкан. Учурда Бишкекте ШКУга кирген өлкөлөрдүн Улуттук координаторлорунун жыйыны өтүп жатат.(MSu)