Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Пакистандын гезиттери мусулман динаятчысы Абдул Рашид Газнинин интервьюсун басып чыгарышты


Газни Исламабаддагы Кызыл мечитте баш пааналаган колдоочуларынын азап тартканы Пакистанда революцияга алып келет деп үмүттөнөөрүн айтты.
6 күндөн бери Газни жана анын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн тирешүүсү уланууда.Ошондон бери кеминде 21 адам набыт болду. Алардын катарына бүгүн армиянын жогорку кол башчысы кошулду. Ал мечиттеги аялдар менен балдарды барымтадан бошотуу операциясы маалында мерт кетти.
Пакистандын маалымат министр орун басары Тарик Азим кол башчынын өлтүрүлүшү “жакшы машыккан согушкерлер жөнүндө кабар берет” деп, өкмөт өз стратегиясын кайра карап чыгууга тийиш деди.
Кечээ президент Первез Мушарраф мечиттеги согушкерлер колго түшүп бербесе, алар жок кылынат деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG