Анда негизинен бейөкмөт уюмдардын 2010-жылга чейинки ишмердигинин стратегиясы жана ички жана тышкы факторлордун бейөкмөт уюмдардын ишмердигине тийгизген таасирине байланышкан маселелер талкууланат. Ага жер-жерлерден келген эки жүздөн ашуун делегат катышмакчы. «Жарандык платформа» коомдук бирикмесинин жетекчиси Алишер Мамасалиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, улуттук форум Бишкекте ушул шаршембиде өтөөрү күтүлүүдө. Буга чейин мындай жыйындар жергиликтүү деңгээлде өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлгөн.(SM)