Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

11:23 Лейлек, Аксы райондорунда сел жүрдү


Катуу жааган жаандын кесепетинен жүргөн сел аталган райондордун Коргон, Катран айылдарынын, Каражыгач, Карасуу айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы жолдорду, арыктарды бузуп кетти. Маселен, сел Каражыгач айыл өкмөтүнө караштуу Чалдыбар айылында он алты үйдүн жер төлөсүн, 3,5 га айдоо аянтын каптап кетти. Мурда тазаланган селди агызуучу каналдар керектен чыкты. Лейлек районундагы айылдарда 1,7 чакырым жолду жууп, 8,5 чакырым арыкты каптады. Лейлек айыл өкмөтү менен Катран айылынын ортосунда байланыш үзүлдү. Ош-Исфана автожолунун 26 чакырымын сел каптады. Сел кесепеттерин жоюу үчүн чукул чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. (BuS)

XS
SM
MD
LG