Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:57

13:07 ШКУ тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу аяктады

Жыйындын соңунда уюштурулган маалымат жыйында министрлердин билдиргендерине караганда, алар ШКУ саммитине даярдык боюнча отчет угуп, күн тартибине киргизилчү маселелерди аныкташты. Министрлер Шанхай Кызматташтык уюмунун башкы максаттарынын бири чегара коопсуздугун сактоо, экономикалык кызматташтыкты күчөтүү экенин белгилешти. Министрлер кеңешинин Бишкек отурумуна Кытайдын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлери катышты. (BuS)
XS
SM
MD
LG