Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

11:34 Майыптарга укуктары тууралуу маалымат берүү үчүн долбоор иштеп баштайт


Майып адамдар медициналык жайларга кайрылганда өз укуктарын билбегендиктен, жардамды толук кандуу ала албайт. Андыктан мындан ары “Бейтаптардын укугун коргогондордун альянсы” коомдук бирикмеси жана “Феномен” коомдук фонду тарабынан жаңы долбоор өз ишин баштайт. Бул тууралуу басма сөз жыйынында “Бейтаптардын укугун коргогондордун альянсы” коомдук бирикмесинин президенти Сабырбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда бейтаптардын укугу тууралуу 28 мыйзам бар, бирок маалыматка ээ болбогондуктан алар бул жөнундө эч нерсе билишпейт. “Биздин максат – бейтаптарга алардын укуктары тууралуу маалымат, бекер юридикалык кеңеш берүү”,-деди С. Орозалиев. “Феномен” коомдук фондунун президенти Искендер Султаналиевдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда беш миң үч жүз көз боюнча майып бар. “Көпчүлүк иш берүүчүлөр майыптарды жумушка алгысы келбейт, ЖОЖдордо аларды окутуудан баш тартышат. Ушундан улам жаш майыптардын койгөйлөрүн чечүү үчүн бул фонд түзүлдү”,-деди И. Султаналиев. Долбоордун алкагында майыптар үчүн атайын китептер чыгарылып, аларды иш менен камсыз кылуу аракеттери көрүлөт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG