Жолугушуудан кийин Орусия менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлеринин билдиргендерине караганда, тараптар эки өлкөнүн гидроэнергетика, транспорт кызматташтыгынын багыттарын талкуулашты. Россия Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтеринин курулуштарына кол кабыш кылууга даяр экендиги, бизнести өнүктүрүүнү колдой тургандыгы билдирди. Ошондой эле жолугушууда инвестиция, миграция, билим берүү жаатындагы кызматташтыктын маселелери талкуулангандыгы маалымдалды. (BuS)