Ушул тапта борбор калаада безгек оорусунан жабыркап, отуз тогуз адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын бардыгы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарылануудан өтүп жатат. Безгек дартына чалдыккандардын көбү жаңы конуштардын жашоочулары. Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. (ZMa)