Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

18:15 Алмаз Атамбаев «Агым» гезитинин жамааты менен жолугушту


Жолугушууда премьер министр «Асаба», кийинчерээк «Агым» аталган гезитти эч ким тарыхтан чийип сала албай турган кыргыз тилиндеги кудуреттүү эркин гезит деп баалады. Өзүнүн сапарын Жогорку Кеңештин депутаты, журналист жана гезиттин мурдагы ээси Мелис Эшимкановду урматтагандыгы менен байланыштырды. Мелис Эшимканов Швейцарияга Кыргызстандын элчиси болуп кетери күтүлүлүүдө. Саясатчы Алмаз Атамбаев негиздеген социал-демократтар партиясынын төрага орун басары болуп иштеген, апрель митингдеринин алдында бул партиянын саясий кеңешинен чыгып, Феликс Кулов жетектеген Бириккен фронтко өткөндүгүн жарыялаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG