Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

11:57 Президент К. Бакиев Карыялар кеңешин түзүү идеясын колдоду


Курманбек Бакиев үстүбүздөгү жылдын 10-июль күнү коомдук көрүнүктүү ишмерлерди, илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууга катышкан мамкатчы Адахан Мадумаров, жолугушуу учурунда Карыялар кеңешин түзүү сунушун ачыктады. Анын айтымында мындай сунуш кыргыз элинин байыркы улуттук каада салттарын калыбына келтирүү ниетинен келип чыгууда, ал эми мындай пикир улуу муундагы адамдардын позициясынын талашсыз обьективдүүлүгү менен ак ниеттүүлүгүнө негизделген. Президент оз кезегинде бул сунушту колдоорун билдирип айрым маселелерди алар менен талкуулап жана кеңештерин угуу үчүн урматуу адамдар менен анда санда жолугушууга мүмкүнчүлүк болсо жакшы болоорун белгиледи. Мындан ары кеңештин мүчөлөрү менен болгон жолугушуулар квартал сайын өткөрүлүп турат. (ESu)

XS
SM
MD
LG