Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:22

16:09 Жалалабатта электр жарыгы өчүп жатканына нааразы тургундар мэрияга арызданышты


Бүгүн Жалалабатта он бештен ашык адам балдары менен шаар мэриясына келишти. Алар шаардын «Спутник» кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйдүн электр жарыгы бир күн бою эскертүүсүз өчүрүлгөнүнө нааразы болушту. Аталган үйгө табигый газ да киргизилбегендиктен көп балалуу үй-бүлөлөр жана башка адамдар тамак бышыра албай кыйналышкан. Шаар мэри Дүйшөналы Мамасалиев алар менен жолугушуп, электр жарык карыздарын өндүрүүчү мекеменин башчысына жарык менен камсыз кылууну жана карызы бар жашоочулардын жарыгын өчүрүүнү табыштады. Электр түйүндөр мекемесинин башчысы жарык өчүрүүгө көрсөтмө бербегендигин билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG