Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

16:30 Кыргызстанда ферросиликоалюминий алынуучу завод курулат


Завод Ташкөмүр шаарынын жанына курулмакчы. Анын курулушун Казакстан каржылай турган болду. Бул тууралуу меморандумга бүгүн Кыргызстандын энергетика министри Игорь Чудинов менен Казакстандын соода жана индустрия министри Галым Орозбаков “Кыргызстан-Казакстан” бизнес форумунда кол коюшту. Долбоорду “Казакстандын минералдык кендерин комплекстүү иштетүү боюнча Улуттук борбору” ишке ашырууну көздөп жатат. Аталган борбордун жетекчиси А. Жарменовдун айтуусунда ферросиликоалюминий болот эритүүгө керектелүүчү зат, учурда дүйнө жүзү боюнча Казакстанда гана чыгат. Ошондуктан, ага суроо-талап көп. Казакстандык адистердин белгилөөсү боюнча Кыргызстанда жылына 200 миң тонна ферросиликоалюминий чыгарууга болот, мындан өлкө жыл сайын 250 млн доллар киреше алат, ошондой эле 2000 ден ашуун жумушчу орду түзүлөт. Заводдун курулушу 2008-жылы аягына чыгуусу мүмкүн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG