Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

ТАЖИКСТАНДА МУСУЛМАН КЫЗ ХИЖАБ КИЙҮҮ УКУГУН ТАЛАШЫП СОТКО КАЙРЫЛДЫ


Тажикстанда мусулман кыз өкмөттү сотко берди. Хижаб кийип окууга келүүгө тыюу салган билим берүү министрлигине каршы Давлатмох Исмаилованын арызы боюнча сот иши улам кийинкиге калтырылып, эми бейшембиге белгиленди.

Мусулман өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө кыздар жана аялдар жоолукту алдынан байлап салынып, колунун учу гана көрүнбөсө, денесин бүт чүмкөгөн, кенен көйнөк кийип жүрүшөт. Мындай кийим хижаб деп аталат. Европада жана дагы башка өлкөлөрдө мусулман кыздар узун этек юбка, жинсы шым, дагы башка, ар кыл түстөгү кийимдерди кийишет, бирок негизги шартты – мындай кийим фигурасынын өзгөчөлүктөрүн жымсалдап, колдун учу менен бет гана көрүнгүдөй болушу керек.

Бул эрежени сактоого умтулган ата-энелер менен кыздар мусулман эмес же секулярдуу өлкөлөрдө бир катар кыйынчылыктарга туш келишет. Кыргызстанда да, тактап айтканда Жалалабаттын мектептеринде хижабга байланышкан бир катар талаш-тартыш чыккан. Бирок бул жакта азырынча кимдер бирөө хижабга байланыштуу өкмөттү же башка мамлекеттик органды сотко берген учур каттала элек.

Мына ушул контекстте Тажикстанда мусулман кыздын сотко кайрылышы көңүл бураарлык окуя болуп калды. Баяндамачылардын айтымында, бул өлкөдө буга чейин жалпы эле жеке адам бийликти сотко берген учур болгон эмес экен.

Ушул жазда Тажисктандын билим берүү министрлиги кыздардын окууга хижаб кийип келишине тыю салган көрсөтмө кабыл алган эле. Бул көрсөтмөдө башка да чектөөлөр болгон. Мисалы кыска этек юбка кийүүгө, чөнтөк телефонун колдонууга жана окууга машина минип келүүгө тыюу салынган. Бирок дал хижаб маселеси коомдо кеңири резонансты пайда кылды. Анын толкунунда 20 жаштагы студент кыз өз укуктарын чектегендиги үчүн Билим берүү министрлигин сотко берди. Давлатмох Исмаилова өз чечимин Азаттыктын тажик кызматына мындайча түкшүмөлдөдү:

- Мени хижаб кийесиң деп окууга киргизбей коюшту. Алар же оку же хижаб менен жүр дешти. Андай болсо Конституцияга өзгөртүү киргизип, студент кыздар окууга хижаб менен келе албайт деп жазышсын. Ошондуктан мен өз укуктарымды коргоону чечтим.

Исмаилованын адвокаты да бийликтер мыйзамды бузду деп айтууда:

- Билим берүү министрлигинин буйругу адамдын, айрыкча аялдардын конституциялык укуктарын бузат,- деп билдирди арыздануучунун адвокаты Шудрат Кудратов. Исмаилованын айтымында, анын адвокатына Тажикстандын Исламдык партиясы акы төлөп берди.

Бирок билим берүү министрлиги хижаб кийүүгө тыюу салууда катачылык жок деп ырастоодо. Бул туурасында министрликтин юристи Курбон Курбонов мындай деди:

- Министрликтин буйругу мыйзамга каршы келбейт. Ар кимдин даттанганга укугу бар, бирок бул кыз хижаб кийип жүрбөшү керек. Бизде окуучулардын жана студенттердин кийими боюнча инструкция бар. Исмаилова бул инструкцияга баш ийиши керек.

Сот иши буга чейин бир нече жолу кийинкиге калтырылып, эми бейшемби, 12-июлда өткөнү жатат. Анын жыйынтыгы конституциясы секулярдуу, бирок калкынын басымдуу бөлүгү мусулман болгон өлкөнүн мындан аркы өнүгүшүнө кандай таасир тийгизээрин болжолдоо кыйын. Бирок бул ишке Исламдык партиянын киришип жатканына караганда, хижаб боюнча сот иши Тажикстандагы олуттуу саясий маселеге айланууда.
XS
SM
MD
LG