Бул тууралуу түркмөн өкмөтү билдирди. Май айында эки өлкө президенттери Казакстан өлкө башчысы менен бирге Каспий кылаасын бойлой газ куурун салууга макулдашкан. Документке ылайык Түркмөнстандын табыгый газын Казакстандын жана Россиянын аймактары аркылуу Европага алып өтүү каралган.