Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

Ливиянын Жогорку Соту өлүм жазасына буйрулган дарыгерлердин өкүмүн күчүндө калтырды

Болгариялык беш медициналык кызматкер менен бир палестиндик догдур 400 дөн ашуун балага ВИЧ инфекциясын жуктурган деп айыпталып, 1999-жылы камакка алынган эле. Эми Жогорку Сот өлүм жазасына буйрулган дарыгерлердин өкүмүн күчүндө калтырды. Бирок бул аталган иш боюнча акыркы чечим эмес болушу мүмкүн. 10-июлда Каддафи фондунун ортомчулугу менен СПИД илдетин жугузуудан каза тапкан балдардын үй-бүлөлөрү менен келишим жетишилгендиги маалым болгон.
XS
SM
MD
LG