Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

10:00 Эки миллиондон ашуун адам соцфондго салык төлөбөйт


Социалдык фонддун маалымат кызматы кабарлагандай бүгүнкү күндө Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын жарымынан көбү соцфондго салык төлөшпөйт. Ушул тапта 500 миңден ашуун кыргызстандыктар Орусия, Казакстан жана башка чет мамлекеттерде иштешет. Ушундай эле сандагы адамдар базарларда, соода түйүндөрдө жана өз алдынча ишкерлик кылып, патент менен иштешет. Ошондой эле айыл жеринде жашагандардан да келечектеги пенсиясы үчүн кам көргөндөр аз. Айыл чарбасында эмгектенгендерден жылына 2,2% гана соцфондго төлөнөт. Ошол эле учурда айылдык пенсионерлер жалпы пенсионерлердин 65% түзүп, пенсиялык фонддун 60% аларга жумшалат.
Кыргызстандыктар Соцфондго бүгүн канча акча төлөшсө, алардын кийинки пенсиясынын өлчөмү да ошого жараша болот, деп билдирет Соцфонддун маалымат кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG