Мындай маанидеги билдирүүсүн Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкова ЖК вице-спикери Кубанычбек Исабековдун өзүн күнөөлөгөн сөзүнө карата жооп катары таратты. Анда жазылгандай “КР элчилиги тууралуу” жободо Кыргызстандан барган бардык эле делегаттарды тосуп алуу - элчинин милдетине кирбейт, ал эми ЖК депутаттары жана вице-спикерлери мамлекеттик протоколдун тизмесинде жок. Анын үстүнө вице-спикердин жана башка депутаттардын АКШга сапары расмий сапар эмес, алар АКШ конгрессинин китепканасы уюштурган “Ачык дүйнө” программасына катышуу үчүн барышкан. Мындан тышкары Кыргызстандык депутаттар менен жолугушуу 25-июнда саат 18:00 болору тууралуу алдын ала берилген программада жазылып турса да, алар жолугууга келген жок, деп жазылат билдирүүдө.
ЖК вице-спикери Кубанычбек Исабеков 10-июлда өткөргөн маалымат жыйынында Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкованы кызмат убактысында өзүнүн жеке иштери менен алектенип жүрөт деп айыптаган.(ZKo)
ЖК вице-спикери Кубанычбек Исабеков 10-июлда өткөргөн маалымат жыйынында Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкованы кызмат убактысында өзүнүн жеке иштери менен алектенип жүрөт деп айыптаган.(ZKo)