Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:07

13:00 Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда экономикалык кызматташтык өнүгөт


Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Сабырбек Молдокуловдун маалымат жыйынында билдиргени боюнча “Кыргызстан-Казакстан” бизнес-форуму эки тарап үчүн пайдалуу болду. Форумда биргелешип иш алып баруучу экономикалык бир нече долбоорлор түзүлдү. Министрдин айтуусунда ушул тапта эле Кыргызстанда 400 дөн ашуун кыргыз-казак биргелешкен ишканалары иштеп жатат.
Үстүбүздөгү жылдын август айында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болмокчу. Ошондой эле жыл аягына чейин Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин “Борбор Азия өлкөлөрүнүн биримдиги” тууралуу демилгесин талкууга алышары белгилүү болду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG