Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

16:19 Советтер союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 85-жылдык мааракеси белгиленет


Бул тууралуу жардыкка премьер-министр Алмазбек Атамбаев кол койду. Ага ылайык, Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигине 65-жыл жана 85-жылдык мааракесине байланыштуу иш-чаралар үстүбүздөгү жылы август-сентябрь айларында Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда өткөрүлөт. Бул үчүн вице-премьер-министр Досбол Нур уулунун төрагалыгы алдында уюштуруу комитети түзүлдү. Комитетке иш-чаранын планын түзүү жана ага даярдыктарды көрүү милдети жүктөлдү. Чолпонбай Түлөбердиев Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда, 1942-жылы 6-августта ок бүркүп жаткан душмандын дзотун төшү менен басып калган. Бул эрдиги үчүн Түлөбердиевге 1943-жылы “Советтер союзунун баатыры” деген наам ыйгарылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG