Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:00

8:10 Жыпар Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү аракеттери көрүлүүдө


Чет элдик тыңчыга жашыруун маалымат берген деген шек менен кармалган Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпар Арыкованын адвокаты Айжан Касымалиева бул маселе боюнча жакын арада Биринчи май райондук сотуна кайрылаарын, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Дооронбек Садырбаев менен Рахат Ырсалиевден башка депутаттардын да кепилдик бериши күтүлүп жатканын билдирди. Адвокаттын айтымында, бул маселени сот эмки жумада карашы ыктымал. Жыпар Арыкова 19-июнда улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан камакка алынып, ага чет мамлекеттерге беруу максатында кызматтык сырды чогултуу, мамлекеттик чыккынчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголгону кабарланган.(SM)

XS
SM
MD
LG