Албетте, Сочиде кышкы Олимпиада өткөрүү кубанычынын кумарынан чыга элек орус бийликтеринин алдындагы эң башкы маселе – коопсуздук көйгөйү. Чеченстанда созулуп кеткен согуштук аракеттер, жалпы Түндүк Кавказдан дүйнөгө күн алыс тараган кооптуу кабарлар – чөлкөмдө кырдаал бир кылка эмес экенин каңкуулайт. Сочидеги дүйнөлүк мелдештер өтө турган жайдан 40 чакырым гана ары жакта Орусия менен Грузиянын ортосуна от тамызып келаткан Абхазия менен Түштүк Осетия жатат. Анткен менен, Абхазиянын Кремлдин камчысын чапкан өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Кристиан Бжания Олимпиада оюндары жалпы чөлкөм үчүн оңтойлуу олжо болгонун айтат.
- Абхазия Республикасынын эли жана өкмөтү Сочиде 2014-жылкы кышкы Олимпиаданы өткөрүү чечимин зор кубаныч менен кабыл алды. Эң биринчи кезекте биз бул жаңылык Түштүк Кавказда тынчтыкты бекемдөөгө салым кошот деп үмүттөнөбүз.
Ал анткен менен, Абхазиянын дагы бир, Грузияга ыктаган өкмөтүнүн премьер-министри, бозгунчулукта жүргөн Темур Мжавия буларды айтат:
- Сочидеги Олимпиада оюндары менен аймактык талаштарды чырмаштыруу – орус бийлигинин алсыздыгын гана көрсөтөт. Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгы – турмушка ашпай турган маселе. Жеке пикиримди кошумчалай кетсем, Олимпиада грузинче аты бар шаарда өтөөрү мени кубандырбай койбойт.
Ушинтип, талаштуу Абхазиянын өкүлү Сочи шаарынын аталышы грузин тилинен келип чыкканын белгилейт. 2014-жылкы дүйнөлүк кышкы оюндардын тегерегинде азырынча ушундай саясий талаштар жүрүүдө.
Ал тапта Орусиянын президенти Владимир Путин чөлкөмдөгү коопсуздукту бекемдөө тууралуу жана Олимпиадага деп бөлүнчү акча-каражатты талап-таноодон калкалай турган анти-коррупциялык жардыктарга кол койду. Биринчи вице-премьер-министр Сергей Иванов Сочи шаары жайгашкан Краснодар крайына Кара деңиз флотунун жаңы базасын куруу планын иликтеп кетти. Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков Грузия менен Карачай-Черкес жумурияты кесилишкен чек арадагы 2000дей аскер кызмат өтөгөн базага барып, ал-акыбалды өз көзү менен көрүп кетти. Кремль быйыл Сочидеги болочок Олимпиадага даярдыкка 1 миллиард доллардай акча бөлүнөөрүн жарыялады. Москвалык саясий аналитик Сергей Маркедонов бул каражаттын пайдасын Абхазия да көрө алат деген пикирде:
- Абхазиядагы курулуш жайларды пайдалануу абдан ыңгайлуу болоору айныксыз – айталы, Сочидеги Олимпиадага агыла турган жүргүнчүлөрдү Сухумидеги аэропорт, мурдагы Гудаута аба базасы тейлей алат. Аларды жаңылап оңдоо иштери Абхазиядагы жашоо-турмушту жакшыртып, кайра калыбына келтирүүгө салым кошоору шексиз.
Москва Сочидеги Олимпиадага даярдык көрүү иштерине 341 миллиард рубль сарптоого даяр экенин билдирди. Сочинин тандалып алынышын Кавказдагы бардык өлкөлөр жалпы чөлкөмдүн келечегине ишенич, чоң үмүт катары кабыл алганын белгилеп жатышат.