Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ысыккөл областынын Тоң районунун Кажысай айыл өкмөтүнүн "Гаражный" деп аталган конуштун аймагын кыян алып кетти. Министрликтин маалымат-катчысы Алишер Ташматовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кыян жүргөн жерде абал кандай экенин, ал канча чыгым алып келгендигин аныктоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук комиссиясы иш алып барууда. (MSu)