Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

11:55 Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясы Т. Акундун билдирүүсүнө нааразы


Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясы президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун массалык маалымат каражаттары аркылуу “өлкөдөн акча алган кээ бир коомдук уюмдар митинг, пикеттерге катышып жүрүшөт” деген билдирүүсүнө наразылыгын жана тынчсыздануусун билдирүүдө. Бул тууралуу уюмдун президент К. Бакиевге жолдогон кайрылуусунда айтылат. “Демократия өнүккөн бардык өлкөлөрдө коммерциялык эмес уюмдар чет жактан каржылык жардам алышат. Аны реформаларды жүргүзүүгө, мамлекетке кайсы бир багыт боюнча саясатты иштеп чыгууга жардам көрсөтүү үчүн жумашашат. Эл аралык тажрыйбаларга ылайык, мамлекет коммерциялык эмес уюмдардын иш алып баруусуна тоскоолдук көрсөтпөстөн, аларга колдоо көрсөтүшү керек”, деп айтылат кайрылууда. Кайрылуунун ээлери мамлекет башчыдан Т. Акундун билдирүүсүн көңүлгө алып, ага өз баасын берүүнү өтүнүшүүдө.(MSu)

XS
SM
MD
LG