“Лидерлик” эл аралык ыктыярчылар уюму быйыл үч лагерь уюштурмакчы. Биринчиси көлдөгү Аксуу жетим балдар үйүндө өтөт. Экинчи лагерь Чолпонатада балдар үйүндө ушуну менен экинчи ирээт болот. Үчүнчүсү экологиялык тармакта. Анда студенттер Кызылсуу айлындагы Чоң Кызылсуу дарыясында көпүрөөлөрдү оңдоого жардамдашат, биогаздык жабдууларды, аарылардын уюктарын көрүп, бал жыйноо иштери менен таанышат. Эл аралык лагерге жергиликтүү жаштар менен кошо Англия, Дания, Германия, Түштүк Корея жана башка мамлекеттерден келген тогуз ыктыярдуу студент катышат жана бул иш-чара июль, август айларына белгиленүүдө. (EBM)