Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

15:27 Оппозициянын апрелдеги митинги учурундагы баш аламандык боюнча ишти Биринчи май райсоту бүгүн карап баштады


Бул ишке катышы бар деп айыпталып жаткан Жолдошбек Абдиев менен Эркинбек Акназаров бүгүн сот сурагына алынды. Жолдошбек Абдиевдин айтымында, тергөөчү “коюлуп жаткан күнөөлөрдүн айрымдарын мойнуңа алсаң, жеңилдик берилет” деп, ага психологиялык кысым көрсөткөн. Сурак учурунда айыпталуучулар күнөөнү мойнуна алышкан жок. Бул иш боюнча бардыгы 25 адам күбөө катары өтүүдө. Бүгүн алардын бирөөсү гана суралды. Соттун кийинки отуруму 20-июлга белгиленди. Анда калган күбөөлөр суракка алынат.

19-апрелдеги окуядан улам «Массалык баш аламандык» деген берене боюнча кылмыш иши козгогон. Оппозициялык бириккен фронт быйыл 11-апрелде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы менен борбордук аянтта митинг баштап, 19-апрелдин кечинде митингчилер менен милиция ортосунда тирешүү чыккан.(MSu)

XS
SM
MD
LG