Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

16:36 Орусияда массалык уулангандардын арасында кыргыз жараны да бар


Москва шаарынын чет жакасындагы Красногорскиде хирургиялык комплексин куруу менен алектенген чет өлкөлүк 20 жаран азыктан ууланып, ооруканга түшкөн. Бирок уулануу жеңил формада болгондуктан, учурда алардын абалы дурус экени айтылат. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги кабарлоодо. Уулангандардын ичинде Түркиянын, Кыргызстандын, Өзбекстандын , Тажкистандын жарандары бар. Маалыматка ылайык, уулануу кайсы тамактан жана ал кайдан сатылып алынганы боюнча Орусиянын тиешелүү органдары иликтөөлөрдү жүргүзүшүүдө. (MSu)

XS
SM
MD
LG