Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

18:01 Таласта камоого санкция берүүнү соттун колуна өткөрүү механизмин талкуулашты


Талас шаарындагы демократияны колдоо маалымат борборунда конституциялык реформа тууралуу прокуратурадан кармап камоого санкцияны сот бийлигине өткөрүү боюнча тегерек стол болду. Тегерек столго катышкан “Делонар” деп аталган бейөкмөт уюмдун укук коргоочусу Дөөлөт Керимбековдун айтымында, кармап-камоого санкцияны сотко өткөргөнү менен бул иш чийки бойдон калууда. Мунун терең механизмин иштеп чыгыш керек деп сунуштады. Облустук соттун төрагасы Съездбек Калканов “прокуратуранын санкцияны сотторго өткөрүп бергенине биз кубанган жокбуз, себеби талабы да өтө оор,”- деп билдирди. Тегерек столго адвокаттар, сот жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. (UA)

XS
SM
MD
LG