Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

18:08 Акталаада мамлекеттик мал доктур жетишпей жеке мал доктурларды ишке тарта башташты


Акталаа райондук мамлекеттик ветеринардык башкармалыктын начальниги Дайыркул Саткыновдун айтымында, анын өзүнүн Кошконду районунда 11 мал доктуру бар. Эки айыл өкмөтүнө бирден мал доктур туура келет.
“Биздин район боюнча 100 миң кой-эчки, 13 миң 365 уй, 11 миң жылкы бар. Мамлекеттик кызматты карап отурбай, жеке менчик ветеринар сервистерди түзө бериш керек болуп калды. Бүгүнкү күндө 3 ветеринардык сервис даярдап атабыз. Антпесек биз бул акыбалдан чыга албайбыз. Кадрлар менен камсыз болуу бизде 35 пайыз деңгээлде район боюнча, - дейт Дайыркул Саткынов. Ал эми Атбашы районунун Казыбек айылынын тургундары диагноз койбой эле ар ким өз билгениндей дарылоодо деп мал доктурларга нааразы болушууда. (JI)

XS
SM
MD
LG