Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:29

18:13 Аламүдүн районунда мыйзамсыз жер басып алышкандарга бийлик дале кош көңүл болууда


Жер басып алгандардын лидери Абдыкасым Амираев «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Маeвка айыл өкмөтүнүн Лесхоз айылынын сексендей тургуну айылдын жанындагы бош жаткан беш гектар жерди тогуз күндөн бери басып жатышат. Бул убакыт аралыгында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көңүл бурушкан эмес. Аламүдүн районунун акими Саматбек Керимкулов баштагыдай эле ал жер менчикке өтүп кеткенин айтып, жер басып алуучулардын аракетинен майнап чыкпастыгын эскертүүдө. Бирок карапайым калк өкүлдөрү Лесхоз айылынын жанындагы бош жаткан жер менчикке өтпөй эле, аны жергиликтүү бийлик бизнесске айлантып алганын айтышууда. Жер басып алуучулар бүгүн тиешелүү тараптан жооп болбосо, эртең таш түшүрүп үйлөрдүн курулушун башташат. (JJ)

XS
SM
MD
LG