Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун маалыматы боюнча, июлдун 14-16 чейин чейин нөшөрлөгөн жаандан улам өлкөнүн тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.

14-июлда күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында ал эми түнкүсүн айрым облустарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +24...+29 градус.
Таласта түнкүсүн +12...+17, күндүз +23...+28 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында +17...+22, күндүз +28...+33 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +9...+14, күндүз +18...+23 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26 градус болот.
Бишкекте күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +26...+28 градус.

XS
SM
MD
LG