Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

КЫТАЙДА ЖАСАЛГАН ТОВАРЛАР КОРКУНУЧ ТУУДУРУУДА


Жаныл Жусубжан, Прага Ушул жумада Кытайда тамак-аш, дары-дармектин сапатын көзөмөлдөгөн агенттиктин мурдагы жетекчиси өлүм жазасына тартылды. Зыяндуу же ууландыруучу кытай товарларына байланышкан ар кыл өлкөлөрдөгү жаңжалдарга Бейжиндин чукул берген жообу ушундай болду. Кытайлык маалымат каражаттарынан тамакка ууланып өлгөн, же жасалма товарлардан жараат алган адамдар тууралуу күн сайын окууга болот. Бирок бул кытайлыктардын гана баш оорусу эмес. Өлкө дүйнөдөгү экинчи эң ири эспорттоочуга айланган чакта сапатсыз жана зыяндуу Кытай товарлары тууралуу кабар бүт дүйнөгө таркап жатат.

Жакында Панаманын прокуратурасы Кытайдан импорттолгон жөтөлдүн сиробунан ууланып, бул өлкөдө 94 киши каза тапканын бышыктады. Сиропто муздаткычта жана машинанын тормозуна колдонулуучу уулу химиялык зат бар болуп чыккан.

Кошмо Штаттарында акыркы жарым жылда саламаттык кызматкерлери Кытайдан келген уулуу зат кошулган тиш пастасын, пластмасада колдонулуусу зат аралашкан ит-мышыктын тамагын, коргошундуу боек менен боелгон оюнчуктарды, дары аралаш балык азыктарын сатууга тыюу салышты.

Ушуга байланыштуу, АКШда кытайлык товарларга тагылган "Мейд ин Чайна" деген жарлыкты коркунучтун белгиси катары кабыл алыш керекпи деген кооптонуу күч алууда. Бул кооптонуу негизсиз эмес, анткени АКШ Кытайдан жылыга 280 миллиард доллардык товар сатып алат.

Кытайдын өзүндө өлкөнүн азык-түлүк жана дары-дармек агенттигинин маалымат катчысы Ян Жиаң Йиң ушул аптада дары жасоочу ишканалардан пара алгандыгы үчүн кесилген агенттиктин мурдагы жетекчиси Жен Шиаоунун өлүм жазасына тартылышына байланыштуу буларды билдирди:

- Мыйзамдуулукту жана тартипти бузган мындай адамдар биздин өлкөнү уятка калтырып жатышат. Биз мындан ары элдин саламаттыгынын коопсуздугун кепилдөө милдетибизди тийиштүү деңгээлде аткарышыбыз керек.

Жен Шиаонунун ордуна келген жетекчи Кытайда азык-түлүк, дары-дармек өндүрүүчүлөр коопсуздукту кирешеден жогору коюшу керек деп айтты. Башка бийлик өкүлдөрү да Кытайдын миллиарддан доллардык экспорту коркунучка туш келип жаткандыгын айтышууда. Бирок Бейжиндин өкмөтүнө дүркүрөп өсүп жаткан өнөр-жайды көзөмөлдөө жеңил эмес. Акыркы жылдары фабрика-заводдор көп курулууда, бирок адистердин жетишсиздиги, эрежелердин сакталбашы, коррупциянын кеңири тамыр жайышы жана товарларга болгон талаптын жогорулугуна байланыштуу көп кыйынчылыктар жаралууда.

Кошмо Штаттарында Керектөөчүлөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөгөн комиссия бар. Анын маалымат катчысы Скот Уолфсон быйыл Кытайдан келген товарлардын жарымынан ашыг кайра артка кайтарылганын мындайча билдирди:

- 2007-жылы бүгүнгө чейин, биз артка кайтарган 338 товардын 60 пайызы Кытайда өндүрүлгөн товарлар болду.

Уолфсон жетектеген комиссия Бейжинге өз өкүлдөрүн жиберген, ушул күздө кытайлык делегацияны Вашингондо кабыл алганы жатат. Бирок соңку жаңжалдарга байланыштуу комиссиянын мындай дипломатиялык аракеттери америкалык керектөөчүлөрдүн көңүлүн жайлай алабы кеп ушунда.

Вашингтондогу дүкөндөрдүн биринде соода кылып жүргөн Черрил деген бул аял Кытайлык товарларды аз алаарын, кийинки эскертүүлөргө көп деле көңүл бурбаганын билдирди. Ал эми дагы бир керектөөчү Мария кытайлык азыктан АКШда жүздөгөн ит-мышыктын өлүм болгонуна байланыштуу тынчсыздануусун мындайча айтып өттү:

- Ооба, иттердин азыгынан улам кооптонуу күчөдү. Менин эки күчүгүм бар, алардан ажырап калгым келбейт.

Керектөөчүлөр комиссиясы товар алганда, жарлыгынан анын кайда жасалганын, кайсыларга тыюу салынганын окугула деп кеңеш берүүдө. Бирок керектөөчүлөрдүн укугун коргогон уюмдар мындан канчалык майнап болооруна көздөрү жетпейт, анткени товарлардын составындагы заттар ар кайсы өлкөлөрдө жасалган болушу мүмкүн. Мисалы, Америкада чыгарылган эндиктин же шашлык шишесинин бир бөлүгү Кытайда жасалган болушу толук ыктымал.

XS
SM
MD
LG