Райс мындай кайрылууну Конгресстин демократтар үстөмдүк кылган Өкүлдөр палатасы Ирактагы америкалык аскерлерди келерки жылдын апрелине чейин чыгарып кетүүгө үндөгөндөн кийин жасады. Анын алдында Акүй Ирак өкмөтүнүн коопсуздукту камсыздоо жана Конгресс бекиткен саясый иш чараларды аткаруусун ортого жакын деп баалаган. Райстын сөзүнчө, конгрессмендер сентябрда Ирак боюнча доклад толук жарыяланганча күтө турушу шарт.