“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, казуу иштерин Москвалык “Кредо” деп аталган фонд жүргүзүп жатат. Ал “Манас ордо” ыйык жерлердин бири болгондуктан, казуулардын жүрүп жатышын өзгөчө кырдаал катары баалайт. Президенттин коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Чолпонбек Абыкеевдин айтуусунда, Таласта жүрүп жаткан бул казуулардан чуулгандуу окуя чыгарууга негиз жок. “Казуу иштерин грузиялык Рони Гогисванизде аттуу археолог жүргүзүп жатат, ал эми “Кредо” фондусу аны каржылоодо. Ал жерден үч миң жыл мурун курулган имараттын калдыктарын табуу максат коюлууда. Эгерде имараттын дубалы табылып калса, бул Кыргызстан үчүн гана эмес, дүйнө жүзү боюнча илимий ачылыш болот эле”, дейт Ч. Абыкеев. Ал эки тараптын ортосунда түзүлгөн келишим менен таанышканын айтып, бул жерде Кыргызстанга терс таасирин алып келе турган эч нерсе жок экенин баса белгиледи. Маалыматтарга караганда, “Кредо” фондусу “Манас ордо” комплексинин фондусуна колдоо катары 400миң сом төгүп берген. (MSu)
15:35 Грузин археологу “Манас ордо” комплекси жайгашкан Кароол дөбөсүндө казууларды жүргүзүүдө