Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Латвиянын социал-демократиялык партиясынын жаш лидерлеринин жолугушуусу кечээ, 13-июлда Рига шаарында өттү. Анда эки өлкөнүн социал-демократиялык партияларынын жаштар канатынын кызматташуусу жана өз ара тажрыйба алмашуу маселелери каралды. Буга чейин, 7-июлда “Ата-Мекен” партиясынын өкүлдөрү Женевада өткөн Социалисттик Интернационал кеңешмесинин жыйынына катышып келген. (MSu)
17:30 Ө. Текебаев Латвиянын социал-демократиялык партиясынын жаштар кыймылынын лидерлери менен жолугушту