Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

ИСЛАМ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ КЫРГЫЗСТАНДА СЫНАМЫК ДОЛБООРУН АЧТЫ


Сауд Арапстанда жайгашкан Ислам өнүктүрүү банкы - IDB – менен кыргыз өкмөтү шариат эрежелерине негизденген финансы долбоорун баштады. Долбоордун ачылыш аземине катышкан президент Курманбек Бакиев бу саамалык жергиликтүү ЭкоБанктын базасында сынамык иретинде постсоветтик аймакта биринчи мерте өткөрүлүп жатканын белгиледи. Бакиев каржылоонун ислам принциптери ийгиликтүү жайыларына жана ЭкоБанктын тажрыйбасы регионго өнөгө болуп каларына ишенич билдирди.

Исламга негизденген банк иштери мындан жетимиш жылдай илгери Египетте түптөлө баштаган. Кара майдын ирбити кызыган соң ал Арап жарым аралында коолап-чайлап,ал жерден Жакынкы Чыгышка,Иранга жана Түштүк-Чыгыш Азияга тараган. Ислам банкинги ушу тапта Пакистан менен Индияда кеңири өнүгүп, Батыштагы бир катар өлкөлөргө, Британия менен АКШга кире баштады. Бирок Борборазияда азырынча ал багалчагын батыра элек. Былтыр бул идея бийлик чөйрөсүндө активдүү сөз боло баштаганда улуттук банктын төрагасы Марат Алпаев банк ишинде ислам усулдарына өтүүнү сынамык түрдө гана байкап көрүүгө болорун айткан.

Бирок бу системанын тарапкерлери жалпы дүйнөдө кабыл алынган банк иштеринен ислам принциптери анчейин деле айрымаланбайт дешет. Болгону кадимий банктар кардалдардан үстөк алса,ислам банктары сүткорлукту арам оокат санайт.Үстөк ордуна аларга козголбос мүлк күрөөгө коюлатберилген насыяпул өз мөөнөтүндө кайтарылбаса, банк күрөөдөгү мүлктү сатып жиберип,өз чыгымын жаба алат. Көпчүлүк ислам банктары ушул усулдун негизинде пайда көрүшөт.

Ислам өнүктүрүү банкына Кыргызстан региондо биринчи болуп кошулган.Андан кийин ага Казакстан,Тажикстан,Түркмөнстан, эң акырында Өзбекстан 2003-жылы мүчө болуп кирген. Региондо бир катар долбоорлорду каржылоого,жакырчылыкты жоюуга жана башка иштерге IDB бир топ каралашты. Баткен областындагы электр түйүндөрүн кайра тикелөөгө банк 12 миллион доллар өлчөмүндө насыя бермей болду. Андан мурда Ташкенде болгон кезде банктын президенти ал-Мадани өнөр жайындагы жана айыл чарбасындагы жеке долбоолорду каржылоо үчүн Өзбекстандын үч банкына 15 миллион доллар насыя бөлүнөрүн бышыктаган. Өзбекстандын тышкы соода министри болсо Ташкен алдыдагы үч жылда ислам банкы аркылуу арап өлкөлөрүнөн 1,5 миллиард доллардан ашуун инвестиция алганга үмүт кылып жатканын айтты.

Быйыл майда Алматыда өткөн жыйында ислам финансисттерине кайрылып,казак өкмөтүнүн өкүлдөрү ислам банктарын өнүктүрүү жагынан регионалдык борбор болгонго Казакстандын толук шарты бар экенин эскертишкен. Айрым казак банктары атүгүл ушу тушта эле өз кардалдарын ислам эрежелерине ылайык тейлеп жатышат.

Айтор,постсоветтик Борборазияга кире албай жатканына даттанышкан арап дүйнөсүндөгү банкирлер менен финансисттердин мезгили бүтүп бараткандай. Ошол эле учурда мындай долбоорлор регион үчүн келечекте кандай өтөлгө-кайтарым алып келет,азырынча бул да белгисиз.

XS
SM
MD
LG