Дера Исмаил Хан шаарында болгон бомба жардыруусунан полицияга жаңы кабыл алынган 18 кызматкердин өмүрү кыйылды. Ага чейин болгон эки жанкечтинин кол салуусунан жана жол боюна коюлган бомбадан 17 полициячы каза тапкан эле. Анын аралыгында Пакистандын түндүгүндөгү Вазиристан провинциясындагы талиптер 2006-жылы сентябрда өкмөт менен түзүлгөн тынчтык макулдашуусунан чыгышканын билдиришти.