Чиркейге чактырып безгек оорусун жуктуруп алган адамдар жөнүндө бир эле 13-июлда 46 факты катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча безгек оорусуна чалдыккан адамдар негизинен «Ак Босого», «Көлмө», «Калыс ордо» жаңы конуштарынын жашоочулары болуп саналат. Азыр алардын баары республикалык инфекциялык ооруканада дарыланышууда. (KCh)