Жолугушууда өлкө башчысы Россия менен Кыргызстандын ИИМ аралык кызматташуусу ар тарптуу өнүгүп жатканын, жана алдыда болуучу ШКУнун жыйынына жогорку деңгээлдеги даярдыктар көрүлүп жатканын белгиледи. Ал эми Нургалиев жакында Санкт-Петербургда эки өлкөнүн Ички иштер министрлери жолугушуп, эл аралык террорчулукка жана улут аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү келишимине кол коюшканын билдирди.(AJ)