Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:12

15:30 ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин президент сөзсүз кабыл алышы керек эле


“Тышкы иштер министрлиги ШКУга мүчө мамлекеттер тууралуу протоколду президенттин администрациясына жакшы түшүндүрүп бербегендигинен, аларды президент кабыл албай калды”,- деп билдирди Аликбек Жекшенкулов “Ыңгайсыз суроолор” теледолбоорунда. Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Төлөндү Макеев ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин президенттин администрация башчысынын кабыл алуусу тажрыйбада колдонулуп жүргөнүн, президенттин аларды кабыл албаганын саясий себептер менен байланыштырууга болбостугун айтты. 27-июнда Бишкекте ШКУнун коргоо министрлеринин кеңешмеси өтүп, анда ушул жылдын август айында уюмга мүчө мамлекеттердин аскердик машыгууларын Орусияда өткөрүү тууралуу макулдашууга, кеңешменин ишинин жыйынтыгы боюнча коммюникеге кол коюлган. (AJ)

XS
SM
MD
LG