Баткенде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн эч кандай атайын мекеме-ишканалар уюштурулган эмес. Аталган топтогулар өздөрү менен өздөрү алек. Бул тууралуу Баткендеги Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Мамажан Закиров маалым кылды.
Анын айтымында, майыптарга өкмөт өтө эле аз көңүл бурат, жок дегенде даталуу күндөрү да жарытылуу жардамдар көрсөтүлбөйт. Баткен облустук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын маалыматы боюнча облус боюнча 5644 мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоого алынган. Алардын алды ай сайын мамлекеттен 693 сом, эң аз дегени 100 сомдон жөлөкпул алышат. (SA)