Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

Иерусалимде Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт жана Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббастын жолугушуусу өттү


Израиль палестин лидерине жана анын жаңы өкмөтүнө колдоо көргөзүп келатат.Жаңы кабинет "Хамас" согушкер тобу Газа тилкесиндеги бийликти өзүнө каратып алгандан кийин түзүлгөн.Израиль Аббастын "Фатх" партиясынын 180 мүчөсүн куугунтуктоону токтотууга убада кылууда. Бул үчүн алар террордук аракеттерден баш тартууга тийиш.
Олмерт ошондой эле Аббаска палестиналык 250 туткундун тизмесин берди. Көпчүлүгүн "Фатх" партиясынын мүчөлөрү түзгөн туткундар Израиль түрмөлөрүнөн ушул жума күнү боштулмакчы.
"Хамастын" жетекчиси Исмаил Ханья ички бөлүнүп-жарылууну тереңдеткен “саясий коррупцияны” сындады. Бүгүн кечинде АКШ президенти Жорж Буш Вашингтондун Палестин автономиясына берилчү каржы жардамынын көлөмүн шардана кылмакчы.

XS
SM
MD
LG