Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, акыркы беш ай ичинде бир кызматкердин орточо айлык маянасы 93.7 доллар же үч миң беш жүз алтымыш сомду түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылы ушул маалга салыштырмалуу 31.4 пайызга жогору. Маалыматтар боюнча саламаттыкты сактоо, билим берүү, соода, транспорт тармагында жана байланыш түйүндөрүндө иштеген кызматкердин маянасы өскөн. (ZMa)