Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын башкармалыгын төрагасы Марат Алапаев билдирди. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу 2007-жылы товарлардын баасы 0.77 пайызга көбөйгөн. Марат Алапаевдин айтымында, инфляциянын көрсөткүчү 4.6 пайызды түзгөн. Жалпы республика боюнча азык-түлүктүн баасы жогорулап, жер-жемиш жана жашылча 4 пайызга, эт азыктары 2.2 пайызга жана шекер 1.4 пайызга кымбаттаган. (ZMa)