Мындай чакырык Ооганстандагы бардык күчтөргө багытталып, ал өлкөнүн түштүгүндө базарда жан кечтинин бомба жардыруусунан 17 киши, анын ичинде 12 бала набыт болушунан кийин жасалды. Жан кечтилерди пайдалануу менен катардагы адамдарды өлүмгө дуушар кылган талиптерди жана Аль Каэданы Коопсуздук Кеңеши кескин айыптады.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ооганстанда катардагы адамдардын өлүмүнө жол бербөөгө чакырды