Бул тууралуу мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын оңдоп-түзөө иштери менен таанышууда билдирди. Мамкатчынын пикиринде филармонияда академиялык жана классикалык концерттер өткөрүлүшү керек. Филармониянын жетекчиси Керим Тураповдун айтымында, ШКУнун жыйынына карата оңдоп –түзөө иштерине мамлекеттен 42 млн.800 миң сом бөлүнгөн. Учурда негизги иштери соңуна чыгып, июлдун аягына чейин меймандарды күткөнгө филармония толук даяр болот. (AJ)
13:15 ШКУнун саммитинен кийин филармонияда эстрада “жылдыздарынын” концерттери өткөрүлбөйт