Кочкор районундагы чарбада мындай мыйзамдуулук бузулган факты бүгүн өкмөт жыйынында көтөрүлдү. Маалыматка караганда 2005-жылы 30-мартта жергиликтүү тургундар кой чарба заводуна барып, анын жетекчиси заводдун мүлкүн ичип-жеген, дешип кызматтан кетирип, чарбадагы 832 баш койду, 28 жылкы, 57 топозду өз ара бөлүп алышкан. Алардын мындай мыйзамсыз иш аракеттерине Кочкор районунун акими Курманбек Байтереков чечим чыгарып берген. Бул боюнча райондук прокуратура кылмыш ишин козгогон. (AJ)
15:50 Семизбел айылынын тургундары асыл-тукум кой чарбасынын малын мыйзамсыз ээлеп алышкан